super.kg logo

"Жеке жашоомду бузуп". Кокулов жол тескөөчүлөр аны мазактаганын айтты (видео)

 

Бүгүн, 4-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери аны мазактаганын айтып чыкты.

Эл өкүлүнүн айтымында, анын кол тийбестигине карабастан ага карата тинтүү иштери жүргүзүлүп, протокол түзүлгөн.

"Кыргызстанда Конституция деген бар. Анда биздин жеке жашообуздун купуялуулугу жана депутаттын кол тийбестиги боюнча жазылган. Жакында эле мен тууралуу видео тарады. Хайп кармап, мени каралоо менен алек болуп жатышат. Ал жерде мыйзам бузуу саат 7де болгон, алар менин үйүмө саат 11де келишти. Тинтүү иштери менен унаамды табышкан. Мага тинтүү жүргүзүүгө болбойт.

Эмнеге менин жеке жашоомду бузуп, мени мазактап, интернетке чыгарап жатасыңар? Силер хайп кууп, Жогорку Кеңештин депутатын, элдин уулун мазактап жатсаңар, силерге кантип элден экзамен алуу мүмкүнчүлүгүн берели",- деди депутат.






Жогорку Кеңеш

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: