Ноокатта 21 жаштагы келин асынып алды: Жакындары тергөөнүн калыс жүрүшүн талап кылууда
Ноокат районунун Көк-Бел айыл аймагында 2005-жылы туулган Айжаңыл А.А. өз үйүндөгү сарайда асынып каза болгону тууралуу маалымат 20-февралда 112 кызматына түшкөн. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын себептери такталууда.
Маркумдун жакындары анын өз жанын кыйганына ишенбей турганын айтышууда. Айтымдарында, Айжаңыл бир жыл мурда турмушка чыгып, буга чейин күйөөсү тарабынан зомбулук көргөнүн билдирген. Окуядан бир нече саат мурда апасына “мени урат, алып кеткилечи” деген билдирүү жөнөткөнү маалым болду. Бирок ал СМС убагында окулбай калган.
Кыздын туугандары денесинде көгала издер болгонун белгилеп, иштин ачык жана калыс иликтенишин талап кылууда. Алардын айтымында, окуя болгон учурда үйдө кайненеси жана анын эки кызы болгон.
Учурда тергөө амалдары уланууда. Милиция экспертизанын жыйынтыгына жараша укуктук баа берилерин билдирди.
Адистер акыркы мезгилде үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көбөйүп жатканын айтып, алдын алуу чараларын күчөтүү зарылдыгын белгилешүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















