Каргашалуу окуя... Өзгөндөгү өрттөн 4 жеткинчек каза тапты
Өзгөндүн Мырза-Аке айылында турак үйдөн чыккан өрттөн 7, 5, 4 жаштагы балдар жана 2 жаштагы кыз чарчап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, каргашалуу кырсык бүгүн, 5-мартка караган түнү болгон. Саат 2:00дө өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Кошумча дагы 1 бөлүм саат 2:24тө тартылып, тилсиз жоо саат 3:50дө өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда жана тиешелүү кызматтар тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:48
2026-03-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















