super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады

 

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев бүгүн, 5-мартта кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийим күнү менен куттуктады.

"Ак калпак жөн гана баш кийим эмес. Ал элибиздин тарыхый эс тутуму, ата-бабаларыбыз бизге мурас катары калтырган ыйык символ, ар-намыстын, тазалыктын, асылдыктын жана улуулуктун чагылдырылышы. Кылымдарды аралаган кыргыз эли үчүн ак калпак улуттук биримдиктин, каада-салттардын жана руханий баалуулуктардын ажырагыс бөлүгүнө айланган.

Улуттук кийим – бул элдин жүзү, анын маданияты жана дүйнө таанымы. Кыргыз улуттук кийиминин ар бир оюмунда, ар бир деталында терең философиялык маани бар. Алар көчмөн цивилизациянын жогорку эстетикасын, адамдын жаратылыш менен айкалышын жана анын руханий тереңдигин туюндурат.

Аааламдашуу доорунда улуттук өзгөчөлүктү сактоо – мамлекеттик көз карандысыздыкты жана руханий эркиндикти сактоо дегенди билдирет. Заманбап өнүгүү жолунда ишенимдүү бара жатып, биз улуттук баалуулуктарыбызды, каада-салттарыбызды, эне тилибизди жана маданий мурасыбызды аяр сактап, өркүндөтүшүбүз керек.

Ата-бабаларыбыз калтырган баалуулуктарды жаш муунга өткөрүп берүү өзгөчө маанилүү. Бул ар бир үй-бүлөнүн, билим берүү мекемелеринин жана бүтүндөй коомдун ыйык милдети. Өз тарыхын билген жана маданияты менен сыймыктанган, улуттук аң-сезими бекем муун – мамлекетибиздин келечегинин бекем жана гүлдөп-өнүгүшүнүн ишенимдүү кепилдиги.

Ак калпак ала-тоонун бийиктигинин, улуулугунун жана элдин жан дүйнөсүнүн тазалыгынын символу болуп саналат. Аны кийген ар бир кыргыз жараны өз элинин тарыхын, маданиятын жана мекен алдындагы жоопкерчилигин жүрөгүндө алып жүрөт.

Бул жаркыраган майрам күнү сиздерди Ак калпак жана улуттук кийим күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Өлкөбүздө ар дайым тынчтык, биримдик жана ынтымак өкүм сүрсүн! Кыргызстандын асманы ачык, келечеги кең жана жаркын болсун! Улуттук баалуулуктарыбыз түбөлүктүү болсун!”,- деп айтылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: