Адылбек Касымалиев сот кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 5-мартта Кыргызстандын сот тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Өкмөт башчынын айтымында, акыркы жылдары өлкөнүн сот тутуму туруктуу өнүгүү динамикасын көрсөттү.
"2021-2025-жылдары сот бийлигинин көз карандысыздыгын бекемдөөгө, сот адилеттигинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана кесиптик жоопкерчилик механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган конституциялык жана институционалдык реформалардын комплекси ишке ашырылды. Ченемдик-укуктук база жаңыртылып, объективдүү баалоо жана конкурстук тандоо жол-жоболору киргизилди, бул кадрдык потенциалды бекемдөөгө жана судьялык карьеранын ачыктыгын камсыз кылууга өбөлгө түзүүдө.
Судьялардын ишинин көлөмү олуттуу өскөндүгүнө карабастан укук колдонуу практикасында туруктуулук сакталып, иштерди кароо мөөнөтү создуктурулган жок. Президентибиз Садыр Нургожоевичтин колдоосу менен инфраструктураны масштабдуу модернизациялоо жүргүзүлүп, жаңы сот имараттары курулууда, судьялардын социалдык-экономикалык кепилдиктери жакшыртылууда. Тактап айтканда, көз карандысыз сот адилеттигин жүзөгө ашыруу үчүн татыктуу шарттар түзүлүүдө.
Сот тутумунун стратегиялык багытына айланган санариптик трансформациялоо этап-этабы менен ишке ашырылууда: автоматташтырылган маалыматтык системалар, электрондук документ жүгүртүү, сот актыларынын мамлекеттик реестри жана «Санарип сот» порталынын кызматтары өнүгүп, заманбап, ачык жана жеткиликтүү сот өндүрүшүнүн модели калыптанууда.
Кыргыз Республикасынын сот тутуму адилеттүүлүктүн ишенимдүү кепилдиги, мамлекеттүүлүктүн таянычы жана өлкөнүн укуктук жана демократиялык өнүгүүсүн бекемдеген институт катары жылдан жылга өркүндөй беришине аракеттер арбын болот!”,- деп жазылат куттуктоодо.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















