super.kg logo

УКМК депутаттын айтканына жооп берди

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин депутаты Уланбек Жаанбаевдин өлкөгө акча каражаттарын алып кирүүдө жаралып жаткан көйгөйлөр тууралуу айтканына комментарий берди.

Атайын кызмат акча каражаттарын мамлекеттик чек ара аркылуу алып өтүүгө көзөмөл өлкө мыйзамдарынын жана өлкөнүн эл аралык милдеттенмелеринин чегинде гана жүзөгө ашырыларын белгиледи. УКМК андай чаралар каржылык коопсуздукту камсыздоого жана мыйзамсыз каржылык операцияларга каршы күрөшүүгө багытталганын кошумчалады.

Айта кетсек, парламенттин 4-марттагы жыйынында Жаанбаев ишкерлер өлкөгө акча алып келүүдө көйгөйлөргө туш болуп жатышканын билдирген. Ал УКМКнын 30-башкармалыгынын кызматкерлери Ош жана Бишкек аэропортторунда акча каражаттарын тартып алып жатышканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: