super.kg logo
  Саясат  

Мурдагы спикерге сын айтылды... Улукбек Карыбек уулу парламентти мыйзамдардын сапатына көңүл бурууга чакырды

 

Бүгүн, 5-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу парламент өзү чыгарган мыйзамдарын анализдеп, көзөмөл кылбай жатканын айтты.

Ал мыйзам боюнча парламент өзү чыгарган мыйзамдарына мониторинг жүргүзүүгө милдеттү экенин белгиледи. Эл өкүлүнүн айтымында, анализдер жүргүзүлбөгөндүктөн сапатсыз мыйзамдар жазылып жатат.

"Биз мыйзам жаратып жаткан инженерлербиз, мамлекеттин наабайчыларыбыз. Биз мыйзамдарды чыгарып, аны министрлер кабинетинин колуна карматабыз да, андан аркы тагдырына кызыкпайбыз. Жогорку Кеңеш тарабынан 5755 мыйзам, 23 347 токтом кабыл алыптырбыз. Бирок бүгүн анын 22 553 токтому, 3825 мыйзамы күчүндө турат. Калган мыйзам, токтомдор кайда?

Мунун баары биз кабыл алган токтомдор менен мыйзамдардын карама-каршылыгынан жокко чыкты. Акыркы 3 жылда 677 мыйзам кабыл алыптырбыз. Акыркы төрагабыз (ред.: Нурланбек Тургунбек уулу) анын 8 гана мыйзамына мониторинг жүргүзүп, анализ кылыптыр. Биз мыйзамды кабыл алабыз, бирок анын таасирине, коомго келтирген пайдасына кызыкпай жатабыз",- деди Карыбек уулу.






Улукбек Карыбек уулу парламентти мыйзамдардын сапатына көңүл бурууга чакырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: