super.kg logo
  Саясат  

Улукбек Карыбек уулу Алиевге кыйыр түрдө сын айтты

 

Бүгүн, 5-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу эл өкүлдөрүн талкууларда жекеликке өтпөөгө чакырды.

"Бизде мыйзамдын сапаты, деңгээл абдан түшүп кетиптир. Мыйзамдагы кемчиликтерди, катарларды белгилесек, юридикалык негиз таппаганда, анан жекеликке өтүп, бири-бирибизди жамандап, сын айтып баштайт экенбиз. Эгерде биз өзүбүздү кесипкөй, кыйын сезсек, Кыргызстандагы жападан жалгыз юрист сезсек, анда ошол мыйзам менен деңгээлибизди көрсөтөлү",- деди ал.

Эске салсак, 3-мартта Жогорку Кеңештин Эмгек, салматтыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитетинин жыйынында депутаттар Медер Алиев менен Улукбек карыбек уулунун ортосунда кайым айтышуу орун алган. Отурумда Алиев демилгечи болгон баңгизатка байланыштуу мыйзам долбоору каралып, анда Карыбек уулу долбоор боюнча тактоочу суроолорду узаткан учурда экөөнүн ортосунда түшүнбөстүк жаралган.







Улукбек Карыбек уулу Алиевге сын айткансыды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: