"Жакшы көргөн гитарамды сатып...". Депутат ЖРТнын акысы боюнча маселе көтөрдү (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин 5-марттагы жыйынында жалпы республикалык тестирлөөнүн акысы тууралуу маселе көтөрдү.
Эл өкүлү жыйында бүтүрүүчү болгон кезин эстеп, ал кезде ЖРТ болбогонун, жогорку окуу жайга документ тапшырууда 280 сом төлөгөнүн белгиледи.
"Сактык чарасы үчүн үч университетке документ тапшырдым. Ал үчүн 280 сом төлөгөм. Ушул учурда бул биздин үй-бүлөгө өтө кымбат болчу. Каражат таппай, керек болсо өзүмдүн жакшы көргөн гитарамды сатып, 3 университетке документ тапшыргам",- деди депутат.
Депутат ЖРТда предметтик тесттин акысы кымбат болуп жатканын белгилеп, мамлекет колдоо көрсөтсө деген пикирин билдирди.
"Азыр ЖРТда ар бир предмет акысы 200 сомдон 470 сомго кымбаттады. Эмне себептен кымбаттады, түшүнбөйсүң. Ошол жерде дагы инфляция болуп калды. Бул социалдык абалы начар үй-бүлөлөргө өтө терс таасирин берет. Бул аз келгенсип, ар бир үй-бүлө ЖРТга баланы даярдайм деп кошумча акылуу курсттарга алып барышат. Бир топ эле каражат кетирет. Азыр бул тест стресске алып келет экен. Бул туура эмес",- деди депутат.
Бекешев буга КМШ, Европа, АКШ өлкөлөрүн мисал келтирип, бүтүрүүчүлөрдүн мындай тестирлөөсүн мамлекет өзү каржылай турганын айтты.
"ЖРТнын башталышында мүмкүн туура эле болгон. Бирок биз азыр реформага барышыбыз керек. Бюджет өстү. Эмнеге биздин мамлекет ошол тармакка каражатты бөлбөйт? Ушул жылдан баштайлы. ЖРТны бекер кылалы",- деди Бекешев.
Депутат ЖОЖго өткөн учурун эстеди
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















