Чуулуу аудиожазуу... Бакыт Төрөбаевдин иниси Таймурасты дебатка чакырды
Ишкер Эркин Жолдошалиев УКМКнын мурунку төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурасты дебатка чакырды. Ишкердин билдирүүсү интернеттеги социалдык тармактарга тарады.
Ал агасы, министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басар Бакыт Төрөбаев менен болгон сүйлөшүүсүндө айтылган завод боюнча комментарий берип, Кыргызстанга кайтып келгенин айтты.
"Ал жерде эч нерсе жок болчу" деп жатат. Таймурас, өзүң билесиң, ал жерде завод болгон, көптөгөн адам иштеп жаткан. Андан сырткары, мейманкана , унаа оңдогон жайлар бар эле, салыктар төлөнүп келген. Силер мага байланышка чыкканда "академияга унаа токтоткону жай керек болуп жатат" деп айткансыңар. Мага эки-үч жолу кайрылганыңда "бул жерди сатпайм" деп айткам.
Бирок күчкө салып, сатууга аргасыз болдум. Заводду бузуп кетем десем, буздуртпай койдуңар. Мен аны башка жерге көчүрүп, кайра иштетишим керек болчу. Сен "акчаны берсеңиз кайтарып берем" деп жатасың. Деабтка келип "эч нерсе жок" деген сөздөрүңдү далилдеп бер. Мен даярмын. Келишимде көрсөтүлгөн акчаны берем, сен мага заводду, дүкөндү ордуна коюп бер",- деди ишкер.
Эске салсак, 23-февралда социалдык тармактарда Бакыт Төрөбаевдин иниси менен телефондон сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Анда Төрөбаевдин иниси Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев заводду тартып алганын айтканын угууга болот. Аудиодо саламаттык сактоо министри, мурдагы чекист Каныбек Досмамбетовдун да аты аталган.
Бул боюнча Таймурас Ташиев түшүндүрө берген. Төрөбаев да аудиожазууга комментарий берген болчу. Көп өтпөй Бакыт Төрөбаев кызматынан алынган.
Чуулуу аудиожазуу... Бакыт Төрөбаевдин иниси Таймурасты дебатка чакырды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















