ӨКМ Даниэл Ажиев абактан тик учак менен чыгып кетти деген маалыматка комментарий берди
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги вебкам иши боюнча соттолгон Даниэл Ажиев абактан тик учак менен чыгып кетти деген маалыматка комментарий берди.
Биздин порталга министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, тик учакты пайдалануу келишими түзүлүп, ижара акысы төлөнгөн. Бирок буюртма берүүчү Даниэл Ажиев эмес, башка адамдар болгон.
"Тик учакты пайдаланууда ичинде ким болгонун айта албайбыз. Айтылган дарекке учуп барганда бөлөк адам отурган. Ал Бишкекке алынып келген",- деп айтылат маалыматта.
Министрликтин жетекчилиги тарабынан бул маселеге байланыштуу иликтөө жүргүзүү тапшырмасы берилип, тиешелүү кызматкерлерге чара колдонулганы жана мындан ары мындай иш аракеттерди болтурбоо боюнча эскертүүлөр берилгени кошумчаланды.
Деген менен "Азаттык" басылмасы ӨКМге таянып, тик учакты Ажиевдин жакындары жалдаганын жазды.
Буга чейин социалдык тармактарда Ажиев Петровкадагы түрмөдөн тик учак менен чыгып кеткени айтылган видео тараган. Эске салсак, ал февралда өлкө башчысы Садыр Жапаровдун ырайымы менен абактан бошотулган.
Даниэл Ажиев
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















