super.kg logo

Эл аралык издөөдө жүргөн үч жаран Кыргызстандан кармалды

 

Эл аралык издөөдө жүргөн үч жаран Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу 5-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1971-жылы туулган Л.С. аттуу чет өлкөлүк жаран кармалды. Ал Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан уюшкан кылмыштуу топ түзүү, алдамчылык жана өзгөчө ири өлчөмдө мүлк уурдоо фактылары боюнча издөөгө алынган. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 183 миллион 600 миң казак теңгесин түзгөн.

Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 1980-жылы туулган К.Д. аттуу чет өлкөлүк жаран кармалды. Ал өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип, издөөгө алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ал Кыргызстандын жаранынын башка ысым менен таризделген паспортун колдонгону аныкталган. Аталган документти алуунун мыйзамдуулугу тиешелүү органдар тарабынан текшерилүүдө. Келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы 8 миллион 346 миң россиялык рублди түзгөн.

Ошондой эле Бишкек шаарында 1986-жылы туулган О.Ч. аттуу чет өлкөлүк жаран кармалды. Ал Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан алдамчылык, курал колдонуу менен коркутуу жана ден соолукка зыян келтирүү фактылары боюнча эл аралык издөөгө жарыяланган.

Ыкчам иш-чаралар чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлдү.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: