super.kg logo

Кыргызстан протездөөнүн 3D-технологияларын киргизүүдө

 
Кечээ, 5-мартта Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде француз өндүрүшүндөгү 3D-сканер жана 3D-принтердин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, баасы 45 850 евро болгон техника республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынды. Протездөөдө 3D-технологияларды киргизүү КМШ өлкөлөрүнүн арасында биринчи жолу ишке ашырылууда.
"Мекеме 13 миңден ашык майыптыгы бар жаранды тейлейт. Алардын ичинен 1396сы төмөнкү бут протездери, 443ү жогорку кол протездери менен камсыздалат. Жалпысынан протездик-ортопедиялык буюмдардын 150дөн ашык түрү жекече даярдалат",- деп белгиленди маалыматта.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев, Франциянын Кыргызстандагы элчиси, кесиптик бирликтердин өкүлдөрү, Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жана жабдууларды өндүрүүчү компаниянын өкүлдөрү, ошондой эле Орусия жана Өзбекстандан чакырылган өнөктөштөр катышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: