super.kg logo
  Саясат  

"Тик учак менен учуп кеткени чын". Президент Даниел Ажиевдин айланасындагы кептер боюнча билдирди

 

Бүгүн, 6-мартта президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип, вебкам студиялардын негиздөөчүсү аталган Даниел Ажиевдин айланасында чоң талкуу болуп жаткан кептерге комментарий берди.

Өлкө башчысы ага ырайым берилгенин өз сөзү менен тастыктап, Ажиевдин апасы вотсап номери аркылуу түздөн-түз видео кайрылуу менен кайрылганын билдирди.

“Келиним 4 баласы менен кыйналып жатат, бир баласы майып, жашоо-турмушубуз аябай оорлошуп кетти, балама ырайым берип чыгарып бериңиз. Балам мындан ары тартиптүү болуп, тынч жүрөт, мен кепилдик берем” деп. Мен боорукер адаммын. Чындап эле ишенип, ырайым бердим. Бир эле Ажиевге эмес, ошол күнү жалпысынан оор эмес кылмыш кылган 75 соттолуучуга ырайым бергем",- деди өлкө башчысы

Жапаров мындан тышкары Ажиевдин абактан тик учак менен учуп кеткенин тастыктады.

"Мага “Ажиев түрмөдөн тик учак менен учуп кетип жатат” деген кабар келди. Дароо ошол замат тик учакты кайра артка кайтартып, учкан ордуна кондурдук. Ошентип Ажиев машина менен үйүнө кетти. “Тик учак менен учуп кетти” деген маалымат чын. Бирок 15 мүнөт өтпөй учакты артка кайтартып, учкан ордуна кондурганбыз. Учак боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигин күнөөлөп жаткандар да болуп жатканын мен да көрүп жатам. Бул жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эч кандай күнөөсү жок. Тик учактар өзгөчө кырдаалдардан сырткары коммерциялык буйрутмаларды дагы аткара берет. Күндө эле өзгөчө кырдаалдар боло бербейт да. Ошондуктан тик учактар өзүн-өзү акташ үчүн бош убактарда коммерциялык буйрутмаларды аткара беришине уруксат бергенбиз. Ким акчасын төлөп, буйрутма берсе учак кызмат көрсөтө берет. Ал жерде Ажиевди түрмөнүн жанынан алып кетүү деген буйрук болбойт. Учуп барып конуу локациясы, кайра учуп келип конуу локациясы, учуу сааты жана адамдардын саны гана көрсөтүлөт. Ошондуктан министрликти күнөөлөштүн кереги жок. Эгер кимде-ким тик учактын кызматынан пайдалангысы келсе, акчасын төлөп пайдалана берсеңер болот. Ал эми Ажиев темасына кайтып келсек, мен дагы угар замат дендароо боло түштүм. Апасы “итке минип калдык” деп ыйлап атса, баласы болсо түрмөдөн тик учак жалдап учуп жатса, “мени алдаган экен да” деп. Негизи менин боорукерлигимден жана жумшак мамиле жасаганымдан көптөрү пайдаланышат. Бирок көпкө узашпайт. Жумшак кишилердин катуулугу кармаса таптакыр жазылбайт эмеспи",- деп кошумчалады Садыр Жапаров.

Эскерте кетсек, УКМК 2023-жылы 5-июнда Даниэл Ажиев жетектеген көп сандагы вебкам-студиялар тармагын уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын кабарлаган. Ал БАЭге качып кетүү үчүн Өзбекстанга барганда колго түшүп, Кыргызстанга өткөрүлгөн.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Даниэл Ажиевдин мүлктөрү конфискацияланып мамлекеттин балансына өткөн. Мүлктөрдүн жалпы наркы 262 миллион сомду түзгөн.

Өлкө башчысы ага 18-февралда ырайым берип, ал абактан бошогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: