Жол эрежелери боюнча экзамен алуу мыйзамы эмнеге артка кайтарылды? Президенттин жообу
"Жол эрежесин бузганган айдоочулардан экзамен алуудан мурун МАИ кызматкерлеринин өздөрүн толук даярдап чыгышыбыз керек". Мындай маалыматты бүгүн, 6-мартта президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип жатып билдирди.
Өлкө башчысынын айтымында, бул ыкма туура болгону менен азырынча ишке ашыруу эрте.
"Негизинен бул ыкма туура. Бирок кичине эртерээк деп ойлойм. Себеби биринчи кезекте Айрым МАИ кызматкерлери өздөрү жол эрежесин толук билбеген учурлар кездешет. Ошондуктан качан гана МАИ кызматкерлер өздөрү даяр болгондо бул маселени кайрадан көтөрүшсө болот. Бул маселенин максаты жол кырсыктарын азайтуу болуп саналат. Мен дайыма айтып келем, мурда күбөлүктү окубай эле сатып алгандардын кесепетинен жол кырсыктары көбөйүп, жарандарыбыз көп кырсыктап жатат. Ошону жоюунун бир ыкмасы ушул.
Негизи эле элибиз “люстрация” деген сөздү жакшы көрүшөт го. “Люстрация” кылыш керек деген сөздү көп колдонушат. Бул да “люстрациянын” бир бөлүгүнө кирет. Бийлик бутактарын беш жылдан бери “люстрация” кылып, жогорку бутактарда дээрлик баарын бүтүрдүк. Эми башка бутактарды да “люстрация” кылалы да. Башка кандай жол менен “люстрация” кылабыз бул тармакты? Эгер жол эрежесин бузгандарды тим койсок жол кырсыктары күндөн-күнгө күчөй берет.
Жарандарыбыз кайтыш боло берет. Майыптар көбөйө берет. Ошондуктан бул тармакка катуу көңүл бурушубуз керек. Эми мындан ары күбөлүк сатып алуулар 99 пайыз болбойт. Бул маселени мамлекет колго алдык. Мурда күбөлүк сатып алып, жол эрежесин билбей айдап жүргөн айдоочуларды жол эрежесин билүүгө үйрөтүшүбүз керек. Мына ошондо гана Кыргызстандын жолдорунда коопсуз жүрүүгө болот",- деп жыйынтыктады өлкө башчысы.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















