Өлкөдө 3 жашка чейинки ар бир балага жөлөкпул бериле баштайт
Президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы мамлекеттик жөлөкпул киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди.Маалым болгондой, “Бала ырысы” деп аталган ай сайын берилүүчү жөлөкпул 2026-жылы 1-июлдан тартып бериле баштайт. Төлөм үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, үч жашка чейинки ар бир балага берилет. Жөлөкпулдун көлөмү ай сайын 1200 сомду түзөт.
Президент бул чечим жарандардын көптөгөн кайрылууларына жооп катары кабыл алынганын жана баланын өнүгүүсүнүн эң маанилүү мезгилинде үй-бүлөлөрдү колдоого багытталганын белгиледи.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда үч жашка чейинки болжол менен 445 миңдей бала жашайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:45
2026-03-06
9:01
2026-03-06
12:55
2026-03-05
12:24
2026-03-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















