Өлкөнүн унаа жолдорундагы абал боюнча маалымат
Бүгүн, 6-март өлкө ичиндеги унаа жолдордо жана ашууларда жол ачык, чектɵɵлɵр жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.Бишкек - Ош унаа жолундагы Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел жана Тараз - Талас - Суусамыр жолундагы Өтмөк ашууларында күн бүркɵк, кээ бир тилкелеринде туман каптап, жол жакшы көрүнбөй каттам үчүн кыйынчылыктар жаралууда.
Ошондой эле, Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, Бишкек - Нарын - Торугарт жолундагы Долон, Түз-Бел ашууларында жана Түп - Кеген жолунда күн бүркөк, каттам бар.
Белгилей кетсек, Бишкек - Нарын - Торугарт жолуна кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















