super.kg logo

Чүйдө 3 берене боюнча шектелген жаран кармалды

 
Кемин районунда мыйзамсыз курал-жарак, баңгизат сактоого жана аңчылык кылууга шектелип 51 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Шабдан айылынын тургунунун үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада, үйдөн сайсыз ок атуучу курал, ок-дарылар, жапайы текенин башы, жапайы камандын терилери, эки жапайы фазан жана кекиликтин эттери табылган. Мындан тышкары, үйдүн чатырынан 1,5 килограмм салмактагы каннабис баңгизаты алынган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү), 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) жана 310-беренеси (Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) менен кылмыш иши козголгон.
Тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө иштери жүрүүдө.





Чүйдө 3 берене боюнча шектелген жаран кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: