super.kg logo

Жалал-Абаддагы жаңы аэропорттун курулушу токтодубу? Жооп

 
Социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунда курулуп жаткан жаңы эл аралык аэропорттун курулушу токтоп калды деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалым болгондой, Багыш айыл аймагында 381 гектар жер аянтына курулуп жаткан жаңы эл аралык аэропорттун курулуш иштери уланууда.
"Учурда курулуш жүрүп жаткан тилкеде жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары жайгашкандыктан жана аба ырайынын шарттарына байланыштуу айрым техникалык иштер жүргүзүлүп жатат. Ушуга байланыштуу убактылуу техникалык токтоо болгон. Ошол эле учурда курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компания өз ишин улантууда",- деп белгиленди маалыматта.
Эскерте кетсек, долбоордун буюртмачысы "Кыргызстан аэропорттору" ишканасы. Башкы подрядчы президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы. Аэродром бөлүгүн "Кыргыздортранспроект" мамлекеттик ишканасы, ал эми аэровокзалдын долбоорун Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти ишке ашырууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: