Чүйдө милиция кызматкерлеринин шайын оодара качкандар кармалышты
Сокулукта бейбаштыкка шектелип 23, 24 жана 26 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-март күнү саат 22:20да 23 жаштагы жигит айдаган ВАЗ 2106 ак түстөгү унаасы Бишкек–Манас унаа жолунун МАИ постунунун жанында жол эрежелерин бузган. Жанында 2 адам болгон. Алар мас абалында жана баңгизат колдонуп алып жүрүшкөн.
Алар жол тескөөчүлөрдүн токтотуу аракетине баш ийишпей, качып жөнөшкөн. Артынан кууган жол тескөөчүлөр радиобайланыш аркылуу милиция кызматкерлерине унаа кырсык коопсуздугун жаратып жатканын билдиришкен.
Алар качып бара жатышып Кайгуул кызматынын Renault Logan жана Chevrolet Cobalt эки унаасын сүзүп, алардын бамперлерине зыян келтирген. Андан соң айдоочу жана жүргүнчүлөр ар башка багытта качууга аракет кылган. Милиция кызматкерлери эскертүү берип абага ок чыгарышкан. Эки жаран ошол жерден кармалып, 22 жаштагысы каршылык көрсөтүп, инспектордун кийимин жырткан. Үчүнчүсү бир саат өткөн соң кармалган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери уланып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:06
2026-03-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















