super.kg logo

Даниэл Ажиевдин апасы Садыр Жапаровдон ырайым сураган видео жарыяланды

 

Вебкам студиялардын негиздөөчүсү аталган Даниэл Ажиевдин апасынын Садыр Жапаровдон ырайым сураган видеосу жарыяланды. Аны президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды.

Айтымында, Ажиевдин апасы президентке баласына ырайым кылуу өтүнүчү менен январь айынын башында кайрылган.

"Соцтармакта “Кантип эле президенттин жеке WhatsApp номерине кайрылсын” деген өңдүү күмөн саноолор болуп жаткандыктан төмөндө Ажиевдин апасынын видео кайрылуусун жана ал салган телефон номердин сүрөтүн жүктөйм",- деп жазган Алагөзов.
Белгилей кетсек, өлкө башчысы ага 18-февралда ырайым берип, ал абактан бошотулган. Бүгүн, 6-мартта өлкө башчысы Ажиевдин айланасында чоң талкуу болуп жаткан кептерге комментарий берген.






Даниэл Ажиевдин апасы Садыр Жапаровдон ырайым сураган видеосу жарыяланды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: