super.kg logo

Абактан тик учак менен чыккан Даниэл Ажиев кайра кармалганы айтылууда

 

Вебкам иши боюнча соттолуп, жакында президенттин ырайымы менен абактан бошотулуп, жаза өтөө жайынан тик учак менен чыгып кеткен Даниэл Ажиев кайра кармалганын айрым басылмалар өздүк булактарына таянып жазышууда.

Маалыматтарга караганда, ал бүгүн, 6-мартта милиция кызматкерлери тарабынан Токмокто достору менен эс алып жүргөн жеринен кармалган. Анын жанынан баңгизат табылганы да айтылууда.

ИИМ азырынча расмий маалымат бере элек.

Эске салсак, УКМК 2023-жылы 5-июнда Даниэл Ажиев жетектеген көп сандагы вебкам-студиялар тармагын уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын кабарлаган. Ажиев БАЭге качып кетүү үчүн Өзбекстанга барганда колго түшүп, Кыргызстанга өткөрүлгөн.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Даниэл Ажиевдин мүлктөрү конфискацияланып мамлекеттин балансына өткөн. Мүлктөрдүн жалпы наркы 262 миллион сомду түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: