Азербайжандын Ирандагы элчилиги эвакуацияланат
Азербайжандын Тегерандагы элчилиги жана Тебриздеги башкы консулдугу эвакуацияланат. Бул тууралуу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов маалымат жыйында билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Анда министр акыркы кырдаалга байланыштуу адамдардын өмүрүн тобокелге салбоо керектигин айтып, элчилик менен башкы консулдукту эвакуациялоого даярдыктар көрүлүп жатканын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, кечээ 5-мартта Ирандын учкучсуз учуучу аппараты Азербайжандын Нахчыван шаарындагы аба майданына кулап түшкөн. Ал эми Азербайжандын Коргоо министрлиги Нахчыванга жасалган чабуулга Ирандын армиясын күнөөлөп, жооп болорун билдирген.
Окуядан кийин Иран Азербайжанда учкучсуз учак кулап, тынч жашоочулар жабыркаганы үчүн өкүнүчүн билдирип, учкучсуз учак Иранга таандык эмес экенин белгилеген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















