Дубайда жаңы мөмө-жемиштердин кору 10 күнгө гана жетиши мүмкүн
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам Дубай шаарында жаңы жашылча-жемиштердин кору болжол менен 10 күнгө гана жетиши мүмкүн. Бул тууралуу эл аралык логистикалык компаниянын жетекчиси Стефан Паул билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Анын айтымында, Иран менен болгон согуш дүйнөлүк жеткирүү чынжырчасына олуттуу таасир тийгизип жатат. Чыр-чатактын айынан дүйнөлүк жүк ташуучу авиациянын мүмкүнчүлүктөрүнүн болжол менен 18 пайызы иштен чыгып калды. Мындан тышкары деңиз аркылуу ташууларда да үзгүлтүктөр пайда болду.
"Перс булуңундагы мамлекеттер логистикалык кризистен Европага караганда көбүрөөк жабыркап жатат. Себеби бул аймактагы өлкөлөр импортко, айрыкча азык-түлүккө абдан көз каранды. Эң чоң коркунуч жашылча-жемиштерди жеткирүүгө байланыштуу. Анткени Перс булуңундагы көптөгөн мамлекеттер мындай продукцияны дээрлик толугу менен сырттан алып келишет. Айрым жүктөрдү кургак жол менен Сауд Арабиясы аркылуу жеткирүүгө болот. Бирок азыркы транспорт мүмкүнчүлүктөрү деңиз аркылуу ташууну толук алмаштыра албайт", - деп билдирген эксперт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















