Эмне үчүн даярдалган? Ошто "Женгонун" адамдарына таандык курал-жарактар табылды
Ошто "Женго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык курал-жарактар, ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат жашыруун жайдан 12 Калашников автоматы, 2 Беретта жана Макаров тапанчасы, 2 мылтык, 11 Калашников автоматынын магазини, 824 ок-дары жана 8 курал тазалоочу каражат табылганын белгиледи.
УКМК курал-жарактар ыңгайлуу саясий кырдаал жаралса, төңкөрүш жасоо үчүн даярдалганын, бул ишке сырттан көмөк көрсөтүлгөнүн, алар бийликке кылмыш дүйнөсү тарабынан башкарылган саясатчыны алып келүүнү көздөшкөнүн кошумачалады.
"Азыркы учурда алынган курал-жарактар жана ок-дарылар баллистикалык жана криминалистикалык экспертизага жөнөтүлдү. Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат. Өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга катышкан идеологиялык демөөрчүлөрдү, уюштуруучуларды, каржылык демөөрчүлөрдү жана башка адамдарды аныктоого иштери да жүрүүдө",- деп айтылат маалыматта.
Ошто "Женгонун" адамдарына таандык курал-жарактар табылды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















