super.kg logo

Төрага Марлен Маматалиев Талас облусунун тургундары менен жолугушту

 

Бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Талас облусундагы иш сапарынын алкагында жергиликтүү калк менен жолугушту.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууга “Элдик” депутаттык тобунун мүчөлөрү, министрликтердин жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү жетекчилер катышты.

Эртеден бери бир катар социалдык мекемелердин абалынан кабар алып, көйгөйлөр менен жеринде тааныштык. Биздин максат – иш сапарды жөн эле өткөрбөстөн, элди түйшөлткөн маселелерди элдин өзүнөн угуу. Анткени мыйзам чыгаруу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө менен катар, шайлоочулар менен тыгыз иш алып баруу да депутаттардын негизги милдети болуп саналат”, – деди Маматалиев.

Мындан тышкары Кыргызстандын бардык аймагын кыдырып, эл менен ушундай жолугушууларды уюштурууну мерчемдеп жатканын айтты:

Иш сапарды коштоп министрликтердин жана башка мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү келип олтурат. Булар менен бирге бүгүн эле көп маселени чечип, бир катар социалдык мекемелерди жаңылоо боюнча тапшырмаларды бердик. Буйруса, мындай иш сапарларды башка облустарда да өткөрөбүз”, – деп кошумчалады.

Жолугушуу учурунда тургундар мектеп, бала бакча, оорукана, жол, таза суу жана сугат суу өңдүү социалдык-инфраструктуралык көйгөйлөргө байланышкан талаптарын айтышты. Тиешелүү жетекчилер ар бир маселе боюнча суроолорго жооп беришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: