Бишкекте туристтик компаниянын директору кармалды
Бишкек шаардык милициясы калаада алдамчылыкка шектелип туристтик компаниянын директору кармалганын билдирди.
Ага ылайык, 2-мартта милицияга жаран арыз жазып, «MIRELLE & COMPANY» ЖЧКсынын директору М.К.га карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Арыз ээсинин айтымында, компаниянын директору туристтик тур уюштуруу үчүн акча каражатын алган, бирок өзүнө алган милдеттенмелерин аткарган эмес.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөдө шектүү ишенимден кыянаттык менен пайдаланып, 307 миң 500 сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алып, жабырлануучуга олуттуу материалдык зыян келтиргени аныкталган.
Шектүү М.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Аталган жарандан жабыркагандар же бул факты боюнча кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар Биринчи Май РИИБине же 102 номуруна кайрылса болот.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















