Италияда Паралимпиада оюндары башталды
Италиянын Милан жана Кортина-д'Ампеццо шаарларында XIV Кышкы Паралимпиада оюндары башталды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Иш-чаранын ачылыш аземи Верона шаарындагы тарыхый аренада — 12 миң көрүүчүгө ылайыкталган байыркы рим амфитеатры «Арена ди Веронада» өттү.
Ага ылайык, мелдештер үч негизги жерде: Милан (муз үстүндөгү спорт түрлөрү), Кортина-д’Ампеццо (тоо лыжасы, сноуборд, арабадагы керлинг) жана Валь-ди-Фьемме (лыжа жана биатлон дисциплиналары) өткөрүлөт.
Паралимпиада 10 күнгө созулуп, 15-мартта аяктайт. Мелдешке 55 өлкөдөн 611 спортчу катышып, анда спорттун алты түрү боюнча 79 медаль ойнотулат.
Белгилей өтсөк, Ирандын курама командасы 2026-жылкы Паралимпиадага катышуудан баш тартканы белгилүү болду. Иранга каршы аскердик операция башталгандан кийин аймактын аба мейкиндиги жабылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:02
2026-03-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















