Трамп АКШ курал өндүрүүнү төрт эсеге көбөйтөрүн айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөдө курал өндүрүшүн көбөйтө турганын билдирди. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазган.
"Биз жаңы эле АКШнын ири коргонуу компаниялары менен өндүрүш жана чыгаруу графиктерин талкуулоо үчүн абдан жемиштүү жолугушууну аяктадык. Алар «эң жогорку класстагы» куралдарды чыгарууну төрт эсе көбөйтүүгө макул болушту. Анткени биз максималдуу чыгаруунун децгээлине тезирээк жетүүнү каалайбыз", - деген АКШ лидери.
Бирок ал «эң жогорку класстагы» деген аныктамага кандай курал-жарак кирерин ачыктаган эмес.
Трамп кошумчалагандай, жыйынга BAE Systems, Boeing, Honeywell Aerospace, L3Harris Missile Solutions, Lockheed Martin, Northrop Grumman жана Raytheon сыяктуу коргонуу компанияларынын жетекчилери катышкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















