Иран коңшу өлкөлөргө ракеталык сокку урбоо чечимин кабыл алды
Ирандын Убактылуу жетекчилик кеңеши Жакынкы Чыгыштагы коңшу мамлекеттерге мындан ары сокку урбоо тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Иран Ислам республикасынын президенти Масуд Пезешкианга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Президенттин айтымында, эгер коңшу өлкөлөрдүн аймагынан Иранга каршы чабуул жасалбаса, Тегеран алардын аймагына ракеталык соккуларды жасабайт.
"Коңшу мамлекеттерден кечирим сурайм. Кечээ Убактылуу жетекчилик кеңеши коңшу өлкөлөргө мындан ары чабуул жасабоо жана ракета учурбоо тууралуу чечим кабыл алды. Бирок алардын аймагынан Иранга каршы кол салуу болбосо гана", — деген анын сөзүн мамлекеттик телерадиокомпаниясы келтирген.
Бул билдирүү Жакынкы Чыгыштагы коопсуздук маселелери курчуп турган учурда жасалды. Иран буга чейин аймактагы айрым окуяларга байланыштуу ракеталык соккуларды жасаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















