Ырчы Нурчолпон Димаш Кудайбергендин шоусунда автордук ырын аткарды
Ырчы Нурчолпон казакстандык белгилүү ырчы жана продюсер Димаш Кудайбергендин Voice Beyond Horizon аттуу музыкалык шоусунда “Каалай берем” аталышындагы автордук ырын аткарды. Бул тууралуу видеону ырчы бийкеч социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.
Аталган видеонун алдына Димаш Кудайберген да колдоосун көрсөтүп, “Нурчолпон карындашыбызды колдоп жаткан кыргыз элине чоң рахмат. Таланттуу уул-кыздарыбыз көп болсун. Алга, кыргыз боорлор”, - деп билдирүү калтырган.
Маалымат үчүн: Музыкалык долбоор Voice Beyond Horizon казакстандык дүйнөгө таанымал ырчы Димаш Кудайберген жана кытайлык медиахолдинг Hunan Broadcasting System менен биргеликте түзүлүүдө.
Шоунун тартуулары Казакстандын белгилүү жана кооз аймактарында өтүп, алты регионду камтыйт. Алар: Түркстан, Маңгыстау, Алматы жана Акмола облустары, ошондой эле Алматы жана Астана шаарлары.
Долбоордун финалы өлкөнүн борбору — Астанада өтөт. Программанын алкагында Каспий деңизинин жээгинде жана Бозжыра каньонунда концерттик номерлер көрсөтүлөт. Катышуучулардын деңгээлин эл аралык эксперттер баалашат.
Музыкалык долбоор Казакстан Республикасынын Туризм жана спорт министрлиги, Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги, Kazakh Tourism, ошондой эле аймактардын акимиаттары тарабынан колдоого алынган.
Нурчолпон Димаш Кудайбергендин шоусунда “Каалай берем” ырын аткарды
0

Супер-Инфо
super.kg видео















