Спортчу Денис Петрашов АКШда өткөн мелдеште алтын медаль жеңди (видео)
Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов АКШнын Иллинойс штатынын Вестмонт шаарында өткөн эл аралык TYR Pro Swim Series 2026 мелдешинде алтын медаль жеңди.
Маалыматка ылайык, Петрашов 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүүдө жогорку жыйынтык көрсөттү. Финалдык жарышта ал 59.70 секунд убакыт менен биринчи орунду ээлеп, алтын медаль тагынды.
Экинчи орунду америкалык спортчу Жош Матени 59.78 секунд жыйынтык менен камсыз кылса, үчүнчү орунду дагы бир америкалык спортчу Жек Келли 59.90 секунд көрсөткүч менен ээледи.
Белгилей кетсек, TYR Pro Swim Series - дүйнөнүн профессионал сүзүүчүлөрү катышкан эл аралык мелдештердин сериясы болуп саналат.
Денис Петрашов АКШда өткөн мелдеште алтын медаль жеңди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















