Катар ракеталык чабуулдун мизин кайтарганын билдирди
Катардын Куралдуу күчтөрү өлкөгө багытталган ракеталык чабуулдун мизин кайтарганын маалымдады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Коргоо министрлиги Катар мамлекетине каршы жасалган ракеталык чабуул Куралдуу күчтөр тарабынан ийгиликтүү токтотулганын билдирет", — деп айтылат X социалдык тармагында жарыяланган билдирүүдө.
Буга чейин Катардын ички иштер министрлиги Доха шаарынын тургундарына коопсуздук коркунучу жогорулаганын эскертип, имараттардын ичинде калууга чакырган.
Кийинчерээк бийлик өкүлдөрү коркунуч жоюлуп, өлкөдөгү абал калыпка келгенин билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:02
2026-03-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















