super.kg logo
  Саясат  

Украина. Киевдеги кагылышууда күч органдарынан 254 адам жаракат алды (Фоторепортаж)

 
Киевде демонстранттар менен полициянын кагылышы түнү бою токтогон жок. Ондогон киши камалганы, жабыркагандардын саны өсүп жатканы айтылууда.
Буга чейин Киевде полиция менен кагылышта үч киши набыт болуп, алардын экөө окко учканы кабарланган. Бүгүн Киев шаардык саламаттык бөлүмүнүн жетекчиси жана дарыгер каза болгондордун саны 5ке жеткенин кабарлады.
Демонстранттар таш, күйүүчү май куюлган шишелерди ыргытышса, тартип коргоочулар ачыштыра турган газ чачып, кулак тундурган граната, союл колдонуп жатышат.
Киевде полиция кандуу кагылыштар болгон жайдагы тосмолорго чабуул жасап, демонстранттарды кубалады. Бирок көчөлөрдө кагылыштар уланууда.
Кагылышта полиция ачуу газ, желим ок, союл, тосмолорду сүрдүрүү үчүн брондолгон унааны колдонду.
Октон демонстранттардын набыт болгону тастыкталган. Активисттер экөөнү полиция атты деп жатышат, бирок ички иштер министрлиги полиция «кадимки ок» колдонбогонун айтууда.
Украинада 19-январдан бери кагылышуулар орун алып, андан 200дөн ашуун киши жаракат алды. Оппозиция лидерлери менен бийлик өкүлдөрү жолугуп, сүйлөшүүгө аракет жасоодо.
Львов шаарынын башчысы Андрей Садовый 23-январды каза болгон демонстранттарга байланыштуу аза күтүү күнү деп жарыялады.

Украинанын ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Киевдеги демонстранттар менен полициянын кагылышуусунда күч органдарынан 254 адам жаракат алды.

 

Алгач шаардын Грушев көчөсүндөгү баш аламандыктан 254 укук коргоочулар жардам сурап кайрылышкан. Алардын 104 ооруканага жеткирилген. Аларга баш сөөгүнөн жаракат алган, денесинде күйүк жана белгисиз заттар менен ууланган деген диагноздор коюлууда. 

19-январда башталган кагылышта демонстранттар таш, күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышса, тартип коргоочулар көздү ачыштыра турган газ чачып, кулак тундурган граната, союл колдонушкан. Активисттер полиция ок чыгарганынан адамдар каза болууда дешсе, Ички иштер министрлиги полиция кадимки окту колдонбогонун айтууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: