Бишкекте курулуш объектисинде бетон насосу кулап түштү (видео)
Бишкектеги курулуш объектисинде бетон насосу кулаган окуя боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу 7-мартта Курулуш министрлиги маалымдады.Окуя борбор калаанын Матросов көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан 14 кабаттуу турак үйдүн курулуш объектисинде катталган.
Учурда ал жерде министрликтин инспекторлору тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, курулуш иштерин жүргүзүүдө эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча курулуш нормалары сакталбай, бетон насосунун төрт таянычынын бир тарабы сынып кеткен. Мунун кесепетинен насос жанаша жайгашкан аймактын тосмосун басып калып, электр зымдары үзүлгөн.
Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Аманат Сити” ЖЧКсына карата 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле электр зымдарын калыбына келтирүү боюнча талап коюлуп, учурда компания тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Курулуш объектисинде кулаган бетон насосу боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















