АКШнын Чалгындоо кеңеши Ирандагы режимдин алмашуу ыктымалдыгынан күмөн санаган
АКШнын Улуттук чалгындоо кеңеши Ирандагы ири масштабдуу аскердик операциянын да режимдин алмашуусуна алып келиши күмөн деп эсептейт. Бул тууралуу The Washington Post жазды.
"Кеңеш тарабынан даярдалган жашыруун отчётто АКШ тарабынан учурда Иранга каршы жүргүзүлүп жаткан ири масштабдуу өнөктүктүн да режимдин алмашуусуна алып келиши күмөн экени белгиленет", - деп айтылат анда.
Отчёт АКШ-Израил аскердик операциясы 28-февралда башталганга чейин бир нече күн мурун даярдалган. Кеңеш бутага алынган соккуларды да, чоңураак операцияны да карап чыккан.
"Чалгындоо эксперттери эки учурда тең Ирандын диний бийликтери жана аскердик командачылыгы мындай окуя үчүн берилген бардык буйруктарды аткарып, жогорку лидер Али Хаменеинин өлүмүнөн кийин бийликтин үзгүлтүксүздүгүн сактайт деген тыянакка келишкен", - деп белгилейт басылма.
Андан тышкары отчёттун авторлору Иран оппозициясынан өлкөнү көзөмөлгө ала алышынан күмөн санашкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















