super.kg logo

Бириккен Араб Эмираттарынын президенти өз өлкөсүн согуш абалында деп жарыялады

 

Ирандын соккуларына туш болгондор согуш абалында. Бул тууралуу Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Мохаммед бин Заид Аль Нахайян билдирди.

"БАЭ согуш мезгилинен өтүп жатат", - деп келтиришти анын сөзүн чет элдик басылмалар.

Ошол эле учурда БАЭнин лидери "биз акыры күчтүү болуп чыгабыз" деп ишендирип, өлкөсү оңой олжого айланбай турганын белгилеген.

"Биз өлкөбүзгө, элибизге жана бул жерде жашаган чет элдиктерге болгон милдеттенмелерибизди аткарабыз – алар дагы биздин үй-бүлөбүздүн бир бөлүгү", - деген ал.

Жакынкы Чыгыш маалымат каражаттары ал бул билдирүүнү жума күнү жасаганын жазышты. Бирок билдирүү кийинчерээк гана белгилүү болду.

Акыркы күндөрү Иран АКШнын аскерлери жайгашкан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө активдүү сокку урган. Айрыкча БАЭ мындай соккулардан жабыркап келет. Тегеран эми соккулар токтотулганын жарыялады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: