super.kg logo

«Унаа үчүн алган насыянын жарым акчасын жеткирүүчү болуп иштеп жүрүп жаптым»: туризмде ийгиликтүү карьера куруп, аны жеткирүүчү иши менен айкалыштарган 24 жаштагы бишкектик кыздын баяны

 

Коомдо дагы деле жеткирүүчүлүк - бул негизинен эркектерге таандык иш деген стереотип жашайт. Бирок жеткирүүчү Арзыкан Болотбекова анын тескери жагын далилдеп жатат. Өзүнүн 24 жашында эле ал меймандостук тармагында адис болуп, эки жогорку билимди алып, ал тургай круиздик лайнерде иштөөгө үлгүргөн. Арзыкан эмне үчүн рейстин ордуна жеткирүү кызматын тандап алгандыгын, кантип Яндекс Go сервисинин жардамы менен унаага алган насыясынын жарымын жапканын жана эмне үчүн кардарлар аны кээде колл-борбордун оператору менен чаташтырып жатканын айтып берди.

Арзыкан тар короодо унаасын чеберлик менен токтотуп, эшигин жаап, кезектеги буйрутманы жеткирүүгө жөнөдү. Бүгүн биз аны менен бирге шаар ичинде жүрүп, баарлаштык.

- Сен жеткирүүчү кесибине кантип келип калдың?

- Негизи мен өмүр бою меймандостук тармагында жүрөм, анткени биздин үй-бүлөнүн ушул тармакта бизнеси бар болчу. 2024-жылы круиздик лайнердеги рейстен кайтып келгенден кийин: мындан ары эмне кылам? - деген суроо жаралды. Рейстердин ортосунда эки айдай эс алуу болот, андыктан үйдө бош эле отура бергим келген жок. Ошол учурда Бишкекте Яндекс Go сервисинин тамак жеткирүү кызматы иштей баштады эле, мен жеткирүүчү катары кызматташып көрүүнү туура таптым. Анын үстүнө унаам да бар, ал дайыма жанымда. Өзүмдү сынап көрдүм эле, мага жакты, анткени бул жерде киреше туруктуу, күн тартибин каалагандай кылып өзүң тандайсың. 5/2 деген милдеттүү график жок, акча табуу жагынан да абдан жакшы. Идеалдуу десем да болот.


- Яндекс Go менен кызматташууда сага көбүнчө эмнелер жагат?

- Тиркеменин иштешинин өзү жагат. Сервистин сени ресторан менен да, кардар менен да байланыштырганы абдан жакшы. Баары так тартип менен иштегендиктен, бул система абдан натыйжасын берип жатат.

Кийинки буйрутманы алуу үчүн Горький көчөсүндөгү Технопаркка баруу керек болду. Соода борборунун айланасында мини-баш аламандык орун алып — 8-Мартка белек издеп жүргөн жигиттердин айынан унаа токтотууга дээрлик орун табылган жок.

- 8-Мартта карата сен өзүң сүйүктүү адамыңдан кандай белек күтүп жатасың?

- Азыр мен 24 жаштамын. Турмушка чыга элекмин жана мамиле кура элекмин. Анткени 23 жашка чейин окуп, бир эле учурда эки жогорку билим алуу менен алектендим. Иштеп да, окуш да керек болду. Азыр болсо жумуш, жумуш, жумуш. Мамиле түзүүгө убакыт бөлүү абдан кыйын, анткени кеминде күн сайын ага бир-эки саат бөлүш керек, андай мүмкүнчүлүк азырынча менде жок. Албетте, келечекте үй-бүлө кургум келет. Бирок ал Кыргызстанда көпчүлүк ойлогондой биринчи кезекте турбайт. Бизде 24 жашта көпчүлүк кыздар турмушка чыгып калат. Мен көп убакытты чет өлкөдө өткөргөндүктөн, бул жаш мага турмуш курууга азырынча ылайыктуу эмес деп эсептейм. Адам өзү толук калыптана электе, бардык убактысын жана ресурстарын башка адамга арноого даяр болбосо, бул тууралуу ойлонууга шашылбай эле койгону оң. Үй-бүлө жана балдар, бул – чоң жоопкерчилик. Даяр болбосоң, күтө туруп, анан кийин үйбүлөөгө толугу менен берилгениң жакшы. Мен бул үчүн дагы бир аз чоңоюшум керек.

Биз кимдир бирөөнүн даамдуу түшкү тамагын алып кетиш үчүн, болжол менен 300 метр сейилдеп бастык. Арзыкан кайрадан тыгынга толгон көчөгө унаасын башкарып, оңой эле чыгып кетти.

- Жеткирүүчүлүк - эркектин гана иши деген стереотипке туш болдуң беле?

- Ооба, абдан көп жолу болгом. Кардарларга чалып: “Яндекс Go тамак жеткирүү кызматы” десем, алар: “Эмне үчүн колл-борбору чалып жатат?” деп сурай беришет. Мен болсо колл-борбор эмес, жеткирүүчүмүн деп айтам. Алар эмне үчүн аялдын үнү чыгат, деп түшүнбөй калышат.

- Жумуштагы кыйынчылыктарды жеңүүгө сага эмне жардам берет?

- Менимче, жеткирүүчүлөр байланышуучу чат. Ал жактагы кесиптештер менен бир жылдан ашык убакыттан бери таанышмын. Кээде унаа бузулуп калат же дагы бир башка маселе жаралган кезде, сен кимге чалууну билесиң. Беш мүнөттүн ичинде жардам бере турган адамдар жаныңа келип калышат. Менимче бул баарлашуу айрыкча жеткирүүдө – бир нерсе болсо, жардам бере турган жактар менен байланышууда өтө маанилүү.

Шаар тургундары Арзыкандан буйрутмасын көбүнчө жылмайуу менен кабыл алышат. Көпчүлүк ачык-айрым жана жылдыздуу кыздын колунан буйрутмасын алганына кубанышат. Достук мамиле түзүү Арзыканга оңой жана табигый көрүнүш.


-Арзыкан, 24 жашыңда унааны өзүң сатып алыпсың, негизи жеткирүүчүлүк менен каржылык көз карандысыздыкка жетүү мүмкүн бекен?

- Жеткирүүчүлүк дайыма эле жеңил деп айта албайм, бирок жеткирүү үчүн төлөмдү жакшы эле табасың. Яндекс Go сервисинин Тамак-аш жеткирүү ишинин жардамы менен мен унаанын насыясынын жарымын жаап салдым. Азыр бул киреше мага тынч жашоого, кийим алууга, китеп окууга, жаңы нерселерди үйрөнүп, эч кимге көз каранды болбоого жетип жатат. Ошол эле учурда бул жумушту туризм тармагындагы жумушум менен айкалыштырууну улантып жатам, анткени бул тармакты абдан жакшы көрөм жана андан да өнүгүүнү каалайм.

- Өзүң үчүн эң көп эмне менен сыймыктанасың?

- Чет тилдерди билгеним менен сыймыктанам. Туризм тармагында иштегендиктен, мен көп тил билишим керек. Кээде жеткирүүдө да мен билген англис, кытай же түрк тилдүү чет элдик кардарлар кездешип калышат. Аларга буйрутма берүү чындап эле кээде кыйынга турат. Анан алардын тилинде сүйлөп кетсең, алар абдан сүйүнүшөт. Ошондо сенин билимиң ар улуттагы адамдар менен баарлашууга жардам берип жатканына абдан кубанасың.

- Жеткирүүчүлүк аркылуу сен кайсы көндүмдөрдү өнүктүрө алдың?

- Биринчиден, көп тапшырманы бир убакта аткарууну. Жөн эле айдап барбайсың: маршрутту карайсың, кээде алдын ала кардарга чаласың, даректи туура жазган-жазбаганын текшересиң. Экинчиден, жетирүүнүн арты менен мен түрдүү адамдар менен сүйлөшүүнү үйрөндүм. Сервисти колдонуучулар дайыма эле сага сылык боло бербейт.


- Жеткирүүчүнүн ишиндеги эң кыйын нерсе эмне?

- Оор жүктөр. Кээде кардарлар 50 литр сууга буйрутма беришет. Унаада алып жүрүү оңой эле, бирок батирге көтөрүп чыгуу - чыныгы сыноо. Андайда кардарга чалып жардам сурайсың же короодон бирөөгө кайрыласың. Албетте, бул чечилчү маселе. Дайым жардам табууга болот.

- Сенин кыялың барбы?

- Мен Кыргызстанда туризмди өнүктүрүп, өлкөбүздө эл аралык деңгээлдеги сервистин болушун каалайм. Акыркы эки жылдан бери мен кыялыма карай кадам таштап келе жатам. Адамдар менен баарлашып, аларга кубаныч тартуулоону жакшы көрөм - бул нерсени мен туризмде да, жеткирүүчүлүк кесибимде да табып жатам.

Маектин аягында Арзыкан жеткирүүчү болуп көрүүнү ойлонуп жүргөндөргө - күмөн санабай, аракет кылууну сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: