super.kg logo

Иран АКШ аскерлерин туткундаганын билдирди

 

Ирандын улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Ларижани бир нече америкалык жоокерлердин туткундалганын жарыялады. АКШнын Борбордук командачылыгы бул маалыматты четке какты.

"Мага бир нече америкалык жоокерлер туткундалганы тууралуу маалымат берилди", - деп жазган Ларижани X социалдык тармагында АКШ аскерлердин туткундалышы тууралуу чындыкты жашыра албай турганын баса белгилеп.

Бул билдирүүгө жооп катары АКШнын Борбордук командачылыгынын өкүлү Al Jazeera телеканалына "Иран режиминин америкалык жоокерлерди туткундагандыгы тууралуу билдирүүлөрү анын калпынын жана чыккынчылыгынын дагы бир мисалы" деп билдирди.

Айта кетсек, 28-февралда АКШ жана Израил Иранга каршы аскердик операция башташкан. Ислам революциясынын гвардия корпусу Израилдеги буталарга чабуул коюп, кеңири масштабдуу жооп кайтаруу операциясын жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: