super.kg logo

Иранда жаңы лидер шайланганы менен, анын аты ачыкталган жок

 

Ирандын Эксперттер кеңешинин мүчөлөрү маркум жогорку лидер Али Хаменеинин мураскерин тандаганын, бирок атын ачыктоого азырынча даяр эместигин айтышты. Бул тууралуу Ирандын маалымат каражаттары жазышты.

"Эң ылайыктуу талапкер Эксперттер кеңешинде көпчүлүктүн колдоосуна ээ болду", - деп жазат ISNA кеңештеги Хузестан провинциясынын өкүлү Мохсен Хайдаринин сөзүнө шилтеме жасап.

Кеңештин дагы бир мүчөсү Мохаммад Мехди Мирбагери "көпчүлүктүн пикирин чагылдырган чечим кабыл алынды" деп ырастаган. Бирок эки булак тең өлкөнүн кийинки лидеринин атын атагандан баш тартышкан.

Мурда айрым Батыш маалымат каражаттары Иран бийлиги коопсуздук себептеринен улам Хаменеинин мураскерин жарыялабоону чечкенин билдиришкен.

Айрым басылмалар ошол учурда эле Хаменейинин уулу Можтаба Ирандын жогорку лидери болуп шайланганын жазышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: