Кытай Жакынкы Чыгыштагы согушту токтотууга чакырды
Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды акылмандыкка салып токтотуу керектигин билдирди. Бул тууралуу Орусиянын РИА Новости басылмасы жазды.
Анда министр Жакынкы Чыгыштагы согуш тууралуу сүйлөп жатып, маселени күч менен чечүүгө болбосун жана аскердик аракеттер жаңы жек көрүүчүлүктү пайда кылып жатканын айткан.
"Кытай акылмандары айткандай, "курал - бул жамандыктын куралы, аны колдонууда өзгөчө этияттык менен мамиле кылуу керек". Тараптар жалпы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн сүйлөшүүгө мүмкүн болушунча тезирээк кайтып келип, пикир келишпестиктерди диалог аркылуу чечиш керек",- деген Ван И Пекинде өткөн маалымат жыйынында.
Министр күч дайыма эле туура боло бербесин белгилеп, дүйнө "жунгли мыйзамына" кайтып келбеши керектигин кошумчалаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















