super.kg logo
  Саясат  

Марлен Маматалиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолукту

 

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Файды кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулап, парламенттер аралык өнөктөштүктү өрчүтүү тууралуу да сөз кылышты.

Маматалиев Кыргызстан Франция мамлекети менен бардык багыттагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. Ошондой эле парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенине токтолгон төрага депутаттардын эки тараптуу жолугушууларын жана иш сапарларын уюштуруу зарылчылыгын кошумчалады. Айрыкча депутаттык достук топторунун байланышын чыңдоо учур талабы экенин билдирди.

Ал эми элчи Николя Фай айтылган сунуш-пикирлердин маанилүү экенин белгилеп, Кыргыз-Франция кызматташтыгын кеңейтүү багытындагы демилгелери менен бөлүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: