Америкалыктар Трамптын кичүү уулун аскерге жөнөтүүнү талап кылышты
АКШнын миңдеген жарандары президент Дональд Трамптын 20 жаштагы кичүү уулун Ирандагы кургактагы операцияга катышуу үчүн аскерге чакырууну талап кылышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, америкалыктар социалдык тармактар аркылуу АКШ президентинин аракеттерине жана анын Иранга кургактагы операция үчүн аскерлерин жөнөтүү планына нааразычылыктарын билдиришкен. Ошондой эле #SendBarron хэштеги аркылуу миңдеген адамдар Трамптын кичүү уулу Бэрронду аскерге чакырууну талап кылышкан.
Белгилей кетсек, АКШнын лидери зарыл болгон учурда АКШ аскерлери Иранга кургактагы операция үчүн жөнөтүлүшү мүмкүн экенин билдирген болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:15
2026-03-10
15:13
2026-03-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















