Бишкекте унаа жарыш өткөргөн айдоочуларга чара көрүлдү (видео)
Бишкекте унаа жарыш өткөргөн айдоочуларга чара көрүлдү. Бул тууралуу ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кайгуул кызмат башкармалы буга чейин социалдык тармактарга тараган жол эрежелерин одоно бузган видео материалдагы айдоочуларды таап, түшүндүү иштерин жүргүзгөн. Анда аталган айдоочулар Жайыл Батыр жана Чортеков көчөлөрүнүн кесилишинде Hyundai Sonata жана BMW үлгүсүндөгү унаалары менен жарыш уюштурушкан.
"Айдоочулар автоээнбаштык боюнча жоопкерчиликке тартылып, унаалар айып короого токтотулду",- деп билдирди башкармалык.
Бишкекте унаа жарыш өткөргөн айдоочуларга чара көрүлдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:55
2026-03-10
14:19
2026-03-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















