super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда порнографиялык сайттарды аныктоо жана бөгөттөө тартиби киргизилди

 

Кыргызстанда порнографиялык мүнөздөгү материалдарды камтыган сайттарды токтотуу же чектөө тартиби бекитилди. Тиешелүү №154 токтомго 6-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Жаңы тартипке ылайык, өлкөдө мындай материалдарды тараткан сайттар аныкталып, бөгөттөлөт. Ошондой эле Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги бөгөттөлгөн сайттардын атайын тизмесин жүргүзөт жана мыйзамды бузган интернет-ресурстардын ишин токтотуу же чектөө боюнча чечим чыгарат.

Токтом расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, өткөн жылы июлда Жогорку Кеңеш тарабынан “Интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, өлкө башчысы кол койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: