Казакстанда кафедеги жарылуудан каза болгондордун саны 11ге жетти
Казакстандын Щучинск шаарындагы "Центр плова" кафесинде болгон жарылуудан кийин ооруканага жаткырылган дагы эки адам 8-9-март күндөрү каза болуп, кырсыктан каза болгондордун жалпы саны 11ге жетти. Бул тууралуу Kazinform агенттиги маалымдайт.
"Дарыгерлердин бардык аракетине карабастан абалы өтө оор болгон дагы эки бейтап көз жумду. 8-мартта “Авиценна-Бурабай” стационарынын реанимация бөлүмүндө жаткан бейтап каза болгон. Ал эми 9-мартта Көкшетау шаарындагы Акмола облустук көп тармактуу ооруканасында дарыланып жаткан бейтап аял дүйнө салган",- деп билдирген Акмола облусунун саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Нариман Ермек.
Эске салсак, 26-февралда Казакстандын Акмола облусундагы Щучинск шаарында беш кабаттуу турак үйгө жанаша салынган кафеде газ-аба аралашмасы жарылып, андан кийин өрт чыккан. Алгач 6 адам каза болуп, 20 адам жаракат алгандыгы кабарланган. Кийин каза болгондордун саны 9га жеткен.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















