super.kg logo

Лейлекте опузалап акча талап кылууга шектүү аял кармалды

 

Лейлек районуна караштуу Раззаков шаарынын 2003-жылы туулган С.К. аттуу тургуну жыныстык жол менен опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Январь айынын башында шектүү Сүлүктү шаарынын 16 жаштагы тургуну менен таанышып, аны өзүнүн мурдагы таанышы - Сүлүктүнүн 20 жаштагы тургуну У.Ф. менен телефон аркылуу тааныштырган. Кийин аларга көмүскө жай уюштуруп берип, жыныстык катнашка барууга ортомчулук кылганы айтылат.

Жыныстык катнаштан кийин У.Ф. 4000 сом акча берген. Бирок кийин пикир келишпестик жаралып, С.К. андан шантаж жолу менен акча өндүрүүнү көздөп коркутуп баштаган.

Ал 50 миң сом талап кылуу үчүн жашы жете элек кызга опузалап акча алуунун жол-жобосун үйрөтүп, талап кылынган сумманын жарымын этап-этабы менен кыздын банктык картасына котортуп алган”,- деп жазылган маалыматта.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (“Опузалап талап кылуу”) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: