super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл: Кошумча күч түзүмдөрү атышуу болгон жерге жете элек

 

Кылмышкерлер дагы деле чек арачылардын курчоосунда турушат. Эртең менен жөнөп кеткен кошумча күч түзүмдөрү ал жакка жете элек. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал жакка УКМКнын, ИИМдин кызматкерлери жана атайын даярдыктагы аскерлер тобу жөнөп кетишкен. Кыргыз чек арачыларына ок чыгаргандар Кытайдын уйгур тектүү жарандары жана экстремисттик топтун мүчөлөрү болушу мүмкүндүгү болжолдонууда.    

Эске сала кетсек, бүгүн, 23-январда Ысык-Көл облусунда белгисиз адамдар аңчылык чарбасынын кызматчысын өлтүрүп, анын куралын тартып алышкан. Окуя болгон жерге келген чек арачыларга белгисиз адамдар ок чыгарышып, эки тараптын ортосунда атышуу болгон. Атышуу учурунда эки тартип бузуучу каза болду. Азыркы тапта кылмышкерлер “Пикертык” жылынуучу жайында чек арачылардын курчоосунда турушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: