Иран Ормуз кысыгындагы кемелердин өтүүсүнө АКШ тоскоол болгонун билдирди
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Иран Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерге тоскоолдук кылбаганын билдирди. Бул тууралуу Ирандын PBS телеканалына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.
"Мунай өндүрүү жана мунай ташуу бизге каршы израилдиктердин жана америкалыктардын кол салууларынан жана агрессиясынан улам басаңдап же токтоп калды. Алар бүт аймакты кооптуу кылып коюшту, ошондуктан танкерлер менен кемелер Ормуз кысыгы аркылуу өтүүдөн коркушат. Биз ал кысыкты жапкан жокпуз. Биз кемелердин бул кысыктан өтүүсүнө тоскоолдук кылбайбыз",- деген Аракчи.
Эске салсак, Иран буга чейин аталган кысыкты жапканын жана аймакка кирген бардык кемелерди аткылай турганын эскерткен.
Андан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп Перс булуңунда мунай жана газ тышыган компанияларды тез арада камсыздандырууну тапшырып, Ормуз кысыгы аркылуу өтө турган кемелерге аскердик коштоону убада кылган болчу.
Ал эми Франция президент Эммануэль Макрондун жетекчилигинде Ормуз кысыгындагы кемелерди коштоо операциясын даярдап жатканын маалымдады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















