super.kg logo

Нарын - Жаңы-Жол унаа жолу жабылды

 
“Кыргызавтожол-Түндүк” мекемеси кабарлагандай, Нарын - Жаңы-Жол унаа жолу убактылуу жабылды.
Билдирүүгө ылайык, 8-мартта саат 17:45 чамасында Жаңы-Жол тилкесинде тоо боорунан шагыл аралаш таштар кулап, жолдо кооптуу абал жаралган. Бул аймакта таш кулоо коркунучу жогору экендиги аныкталып, жолду убактылуу жабуу чечими кабыл алынган.
Алдын ала маалымат боюнча, кооптуу тилкеге темир-бетон блоктор орнотулуп, коргоо иштери болжол менен 10 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Унаалардын кыймылы Бишкек - Нарын - Торугарт (эски жол) унаа жолу аркылуу уюштурулат.
"Жарандардан жана айдоочулардан коопсуздук талаптарын сактоону жана көрсөтүлгөн альтернативдүү жолду пайдаланууну өтүнөбүз",- дешти мекемеден.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: